Муктаж окуучуларга кайрымдуулук сумкасы берилди

16-Авг. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 16-август күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы Сабиров атындагы мектеп-гимназиясында “Личность” коомдук фонду тарабынан демилгеленген “Биринчи коңгуроо” долбоорунун алкагында жаңы окуу жылына карата мектеп окуучуларына кайрымдуулук сумкасы тапшырылды. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, “Личность” коомдук фондунун жетекчиси Фахридин Нематов жана мектеп мугалимдери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысы “Кайрымдуулук” темасында сөз сүйлөп, кайрымдуулук иштерин күчөтүү менен колу жукалардын социалдык көйгөйлөрү жоюларын айтып өттү.

“Жетимди ким кепилдигине алса, бейиште Пайгамбарыбыз (САВ) менен бирге болот жана ким жетимдин башын сыласа, сыланган чачтардын санынын ар бири үчүн чоң сооптор берилет. Андыктан бардык колунда бар бир туугандарды кайрымдуулук иштерин көп жасоого чакырам”,-деди облус казысы Самидин кары Атабаев.

Андан соң аталган мектептин социалдык педагогдору тарабынан аныкталган ата-энеси жок жетим жана жардамга муктаж 35 окуучу балага бир жылга жетээрлик канцелярдык окуу куралдары толтурулган кайрымдуулук сумкалары тапшырылды. Иш-чаранын демилгечиси болгон “Личность” коомдук фондунун жетечиси Фахридин Нематовдун айтымында мындай кайрымдуулук сумкасын тапшыруу иш-чарасы дагы 8 мектепте уюштурулуп, жалпысы миң сомдук өлчөмдөгү окуу куралдары салынган 210 кайрымдуулук сумкасы таратылып берилмекчи.

Эскерте кетсек, “Личность” коомдук фондунун негизги максаты аз камсыз болгон, турмуш шарты оор жана кароосуз калган балдарга жардам берүү болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!