​Самара Каримова жөнүндө бир сөз

17-Авг. 2017, Бейшемби

КТРКнын генералдык директору Илим Карыпбеков соцтүйүндөгү баракчасына белгилүү ырчы Самара Каримова тууралуу өзүнүн жеке пикирин жазды. Анын пикирин толук келтиребиз.

Достор!

Мен Самара Каримова ырчыбыз менен өмүрүмдө көрүшө элекмин! Тууганчылык, досчулугум дагы жок. Бирге тааныш досторубуз, билишибиз жок! Кыскасы бир дагы тиешем жок.

Көптөн бери бул кишинин тегерегинде болгон окуя жөнүндө кыскача оюмду билдирейин деп убакыт таппай жүрдүм.

Мен Каримованы көрбөсөм, тааныбасам дагы, ал киши жөнүндө дайыма ар-түрлүү сөздөрдү угуп келем. Көбүнчө ушак, жамандоо, каралоо сөздөр! Ал киши жөнүндө жакшы сөз айткандарды бирин-серин эле уктум! Элди угуп отурсаң бир жалаңкычтай эле сезилет!

Достор! Ал эми өзүм сыналгыдан, үналгыдан, интернеттен факт жүзүндө Самара Каримова жөнүндө эмнени билем? Татынакай, кыргыздын сулуу, чырайлуу кыздарынын бири! Үлгүлүү үй-бүлөсү бар экен! Татынакай үнү, жакшынакай ырлары, таланттуу өнөрлөрү бар (ал тургай машинемдеги музыка тизмегимде С. Каримованын он чакты мага жаккан ырлары бар, сиздерге дагы жагып угуп жүрсөңөр керек)! Ишкерлик жагындагы аркалаганга аракет кылат экен! Сүйлөгөн сөзү ордунда! Эл арасында популярдуу, белгилүү! Концерт, той-топур иш-чараларда күтүмдүү!

Жакын арада Ошто музейдин деректири болуп бекиди эле, баарыбыз баса калдык уу-дуу түшүп, желмогузду дайындап койгонсуп! Ал тургай министирибизди дагы коррупцияга түштү деп айыптап ийдик! Айтылып жаткан аргументтердин негизгиси эле бир - тажрыйбасы жок!!!

Айланайын досторум!

1) Тигил, же бул кызматка сөзсүз түрдө эле атайын жогорку билими бар адам келиш керек деген түп тамыры менен туура эмес! Тегерек четиңерди жакшылап карасаңар канча деген чыгаан элдин уулдары бир тармакта окуу жайды бүтүп, таптакыр башка тармакта иштеп, укмуш иштерди жасап тарыхта калган адамдар толуп атат! Өзүнүн тармагында докторлукту жактап, ошол тармакта кыпындай иш кыла албай, элдин шорун кайнаткандарды деле көрүп жүрөбүзго?
2) Адамды иштетип, бираз убакыт берип, натыйжасын көрүп сыңга алсак абдан туура болоор эле!
3) С. Каримова ырчылыкта, ишкерликте, башка иштеринде ийгилик жаратып жаткандан кийин, эл оозунда болгондон кийин музейдин башчылыгына эки, үч эсе аракет кылып иштери менимче ачык болчу!
4) Өзүбүздүн, кыргыздын, жакшынакай өсүп, өнүгүп аракет кылып келаткан кызыбыз! Чет жактан келген жок, башка улут эмес, асмандан түшкөн жок, эл душманы эмес!!!! Өзүбүздүн карындашыбызга ушундай мамиле кылсак биз качан оңолобуз? Өзүбүздүн кызыбызга көмөк көрсөтүп, колдоп жардам бербесек, кимди колдойбуз?

Жыйынтыгы эмне таптык? Каримованы башка кызматка аркалаганга жакын арада баргыс кылдык! Ички дүйнөсүндө элге, өзүлөрүнүн жердеш, тууган, мекендештерине ишеничин сындырсак керек! Чыгармачылыгындагы өнөрүнүн булагын дагы бир далайга буусак керек! Дагы башка көп жакшы эмес нерселерди кылсак керек! Көрөбүзго эми Каримовасыз музейдин өнүгүп өркүндөп кеткенин дагы...

Досторум! Адам болуп, бири-бирибизге колдоо болуп, ич-күйдүүлүктөн, ушактоодон, көрө албастыктан алыс болгонго аракет кылсак, бири бирибиздин эле жашообуз жакшырса керек! Бөтөн элдин алдында аброюбуз көтөрүлсө керек!

Аманчылык тилеп!",-деп жазды Илим Карыпбеков өзүнүн баракчасына.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!