​Бишкектиктерге музыкалык кече уюштурулат

17-Авг. 2017, Бейшемби

Эртең, 18-августта Бишкектин шаар тургундарына ачык асман алдында музыкалык кече өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Концерт Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында 18:00дө башталат. Программада симфониялык оркестрдин жана кыргыз эстрада жылдыздарынын концерти пландалган. Иш-чара “Адеп, ыйман жана маданият жылынын” алкагында өтөт.

Бишкек мэриясы бардык каалоочуларды музыкалык кечеге чакырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!