Ош облусунда мыйзамсыз баңгизаттын сактап жүргөндүгү үчүн 28 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаары боюнча ИИМдин кызматкерлери 14-август күнү баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы ыкчам-иликтөө иш-чарасын уюштурушуп, “Ош-Ноокат” жолунан Ю.А. аттуу жарандын башкаруусундагы “ВАЗ-2106” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны текшерүү үчүн токтотушкан. Милиция кызматкерлери унаанын ичин текшерүү маалында баштыкка салыган баңгизатын табышкан.
Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, жалпы салмагы 2 килограммдан ашык “героин” баңгизаты экендиги аныкталган.
«Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда кармалган жаран Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө амалдары уланууда.