​Нурлан Насип:“Ырларымды эки миң доллардан сатам”

17-Авг. 2017, Бейшемби

Белгилүү ырчы, “Маданияттын мыкты кызматкери” Нурлан Насип ушул жылдын 6-7-сентябрында өзүнүн жеке чыгармачылык концертин берүүнүн алдында турат. Такай изденүүнүн үстүндө жүргөн ырчы Zaman.kg маалымат агенттигине жеке чыгармачылыгы, жашоосу, алдыда күтүлүп жаткан концерти тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

- Нурлан жакында концерт бергени жатыптырсың, бул туурасында айтсаң?

- Буюрса жеке концертимди 6-7-сентябрь күндөрү Кожомкул атындагы спорт ордосунда берем. Жеке концертимди жыл сайын берүүнү саамалык кылып, үч жылдан бери уланып келе жатат. Концерт коюп акча табайын деген оюм жок, болгону келген күйөрмандарга жагымдуу маанай тартуулоо жана бир жылдык отчетумду берүү. Негизи Бишкекке ырчылар концерт койгондо каражат табуу үчүн эмес, имидж үчүн, өзүн жарнамалоо үчүн коёт.

- Бул канчанчы концертиң?

- Бул борборго коюп жаткан бешинчи жеке концертим. Бишкекке концерт берүүдөн чоң ырахат алам. Ал эми Кыргызстандын жети облусуна жыл сайын жеке концертимди берип, айыл жергесине чейин барып гастролдоп жүрөм.

- Бул жылдагы концертиң эмнеси менен өзгөчө болот?

- Менин буга чейинки концерттерим бири-бирине окшобойт. Быйыл да бул принципти кармайм. Жеке концерттериме ар дайым жаңылык киргизип, өзгөчөлөнтүп өткөргүм келет. Бул концертте жаңы дуэттер, альбомдун бет ачаары, көздүн жоосун алган өзгөчө сахна жасалгасы ж.б көптөгөн сюрприздер күйөрмандарымды күтүп турат. Баарын айтсам, кызыксыз болуп калат. Азырынча Казакстандан келе турган Ерке Есмахан жана Серик Ибрагимов аттуу досторум концертимди коштошоорун ачык айтам. Ал эми даярдыктар болсо күчүндө. Жаздан бери тынбай эмгектенип жатабыз. Буюрса, концертим ийгиликтүү өтөт деген ишеничим чоң!

- Алдыда дагы кандай пландарың бар?

- Концерттен соң мекендештердин чакыруусу менен Россиянын бир катар шаарларына барып, жеке концертимди берем. Андан соң кийинки жылдагы Кыргызстандын жети облусуна концерттик турнемди пландайм. Мунун баары али алдыда болот.

- Азыр көпчүлүк ырчылар ашар концерт берип, өзүлөрүнүн жеке концерти кылып алуу модага айланып калды. Мындай нерсе сенде болбойбу?

- Жок, бул нерсе мага жакпайт. Жеке концерт деп аталгандан кийин ырчынын жеке концерти болушу керек. Көрөрмандар концерттин күнөөкөрү үчүн келет. Ошондуктан, ырчы концертинде өзүнүн ар тараптуулугун, талантын көбүрөөк көрсөтүшү керек деп эсептейм.

- Демек, сенин концертиңде сенден башка ырчылар ырдабайт экен да?

- Башка ырчылар ырдайт. Бирок, алар мени менен дуэт аткарып чыгышат. Мындан сырткары Казакстандан да сахналаш досторум да колдоп келишет. Менин ырларымды ырдап, чыгармачылыгымды колдогон казак элиндеги кесиптештеримдин саны арбын.

- Сенин хит ырларың катар-катары менен көп эле чыгып жатат го. Казакстандын кайсы ырчылары сенин ырларыңды аткарып жүрүшөт?

- Казак ырчылары менин хит ырларымды угуп калышса ал ырды сурап, же жөн деле "хит ырлар барбы?" деп турушчу. Азыр болсо жаңы ырларым чыгаар замат интернеттен угуп алышып эле "Мага бер, мага сат" деп талашып калышты. Ошентип ырлар көпчүлүккө жетпей да калып жатат. Казак ырчыларынын көпчүлүгү менин ырларымды ырдап жатышат. Менин ырларым казак тилинде буюрса бир альбомдой болуп калды. Бул албетте сүйүнүчтүү! Бул жылы Кайрат Нуртас “Бүгүн сенин туулган күнүң”, Димаш Кудайбергенов- “Эркелетейин”, Акылбек Жеменей- “Эркелетсемби?”, Торегали Торэали жана Серик Ибрагимов “Тунук махабат”, “Жебе” тобу “Аясаңчы” ж.б бир катар ырчылар менден уруксаатсыз менин чыгармаларымды аткарып чыккандар бар.

- Катардагы ырчыларга ырларыңды кандай эреже менен бересиң?

- Ырларымды эки миң доллардан өйдө сатам. Казакстандын шоу бизнеси бизге караганда өнүккөн, алар тойдон беш миң доллардан өйдө акча алышат. Ошондуктан алар үчүн эки миң доллар кеп деле эмес да, ал ырды ырдап көп акча таап алышат.

- Сен сураган ырчылардын баарына эле бере бересиңби же ырчылардын деңгээлине да карайсыңбы?

- Албетте, ал ырчынын деңгээлине карайм, анткени жакшы ырдаган ырчыга берсем ырымдын деңгээли түшпөй жакшы ырдалат. Ошондуктан кайсы ырчы ырымды сураса ал тууралуу интернеттен маалымат окуп, анын клиптерин канча адам көрөт, рейтинги кандай байкап туруп анан берем. Айрым ырчылар "Биз жаңы ырдап чыгып жаттык эле" деп шартын түшүндүрсө кээ бирине бекер деле берип коём.

- Казак ырчыларынын арасында ырларын талашка түшүп атса, демек Казакстанда да сени уккулуктуу деп айтсак болот экен да, ал жакка барып концерт коюу оюңда барбы?

- Эки жыл мурун Шымкент менен Тараска ал жактагы мекендештердин чакыруусу менен барып концерт коюп келгем. Ошондо концертке келгендердин көпчүлүгү казак кыздар экенин байкагам. Алар концерттин соңунда "Биз сиздин ырларыңызды жакшы көрөбүз" дешип каалоо-тилектерин айтса ал жакта да күйөрмандарым бар экен деп абдан кубандым. Былтыр май айында Алматы шаарында өзүмдүн чоң программадагы жеке концертимди тартуулап келдим. Келген көрүүчүлөр ыраазы болуп кайтышты. Мындан сырткары Казакстандын чоң сахналарында, масштабдуу концерт, иш-чараларында да өзүмдүн өнөрүмдү көрсөтүп жүрөм. Казак элинин кабыл алуусу абдан жакшы.

- Учурда сен популярдуу ырылардын сап башында турасың го, бизде популярдуу ырчылар каражатты жетишээрлик таба алышабы?

- Кыргызстанда шоу-бизнес эми өнүгүп келе жатпайбы. Улуу муундагы ырчылар "Биздин убакта чоң ырчыларды тойлорго алып барып, бир бөтөлкө аракка деле ырдата беришчү" деп айтып күлүп калышат. Азыр Кудайга шүгүр ырчылар өзүлөрүнө ставка коюп, каражат табууга мүмкүн болуп, буттарынан туруп келе жатышат. Бул нерсе албетте мени кубандырат. Биздин ырчылар да башка мамлекеттин ырчыларына окшоп бай болуп жашоолорун каалайм. Ырчыларды эл байкуш дебей, суктана тургандай деңгээлде болсо кандай жакшы. Менин болсо бүгүнкү күндө тапкан каражатым жетишээрлик деп айтсам жаңылбайм.

- Учурда эң популярдуу ырчылардын катарын толуктап, жылдызың жанып турган маалың. Жылдыз оорусу менен оорубай элесиңби?

- Өзүм табиятыман жөнөкөйлүктү, кичи пейилдикти, адамгерчиликти абдан баалайм. Жылдыз оорусу мага тааныш эмес. Канчалык жылдыз болсоң да, жерге жакын болгон жакшы деп ойлойм. Мага жолуккан адамдардан “Жөнөкөй жигитсиң” деген мактоо сөздөрдү угуп калам. Кайсы жерде болбосун элге жакын болгонду жакшы көрөм. Анан да жылдызым жанып жатат деп айткандан алысмын. Эл катары иштеп, элиме кызмат кылып жатам.

- Сени жакындарың ак көңүл, ишээнчек деп айтып калгандарын уккан элем. Бул сапаттарыңдын айынан жапа чеккен учурларың болгонбу? Мүнөзүңдү өзгөрткүң келеби?

- Өзгөрүлгөндөн Кудай сактасын! Ата-энем кандай тарбия берсе, ошол калыбымдан жазбай, өзгөрүлбөй эле адамдардын баардыгына жылуу мамиле кылууга аракет кылам. Мүнөзүн өзгөртүү менен адам эч бир ийгиликке жетишпейт. Кээде ак көңүлдүгүмдүн айынан кыйналып калам. Бул кемчилигим же бул мүнөзүм өзүмө жакпайт андан арылышым керек деп деле алга умтулуп, аракет кылбайм. Болгону гана баштан өткөн нерселерди, каталарды жасабаганга аракет кылам.

- Шоу-бизнестеги бир нече ырчылар менен дуэт ырдап келдиң эле. Сен үчүн кимиси менен иштешүү оңой болгон?

- Ооба, дуэттерди жетишээрлик деңгээлде аткардым. Арасында ырчы кыздар менен көбүрөөк кездешет. Ырчы кыздардын ар кимисинин өз өзгөчөлүктөрү бар. Ортодон чогуу ойлонуп, бир идея келсе дароо аны ишке ашырууга аракет кылабыз. Мени менен дуэт ырдаган кыздар менен иштешкенде кыйынчылыкка туш болгон эмесмин. Алар өз иштерин жакшы билишет. Улуу муундан Бек Борбиев агабыз, Динара Акулова эжекебиз менен да дуэттерим бар.

- Сени социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу катары тааныйбыз? Интернет менен "ооруйсуңбу"?

- Интернетке керектүү маалымат болсо гана баш бакпасам, башка учурда таптакыр кирбейм. Чыныгы жашоодо менен реалдуулук менен жашаш керек деп ойлойм. Көпчүлүк убактымды жаратылыштын кооздугуна суктанып, чыгармачылык менен алек болгонду жактырам. Интернетте көп олтуруп, виртуалдык жашоодо жашап калуудан корком. Интернетке кирсем, "Ютуб" каналын көп пайдаланам. Кесибиме байланыштуу жаңы чыккан ырларды тыңдап, клиптерди көрүп турам.

- Ал эми адамдардын ортосундагы достукту кандай баалайсың?

- Бул сөздү ооз менен айтканда оңой болгону менен өтө улуу күч. Таза сезимиң курчуп туугандан да достук артык болуп, мекениңди, эли-жериңди сүйүп, кан-жанын аябай адал жашаган жарандар достукка бек болсо керек. Ар бир жүз көрүшкөн адамдарым мен үчүн тууган. Достукту баалайм жана ага бекеммин. Досторум көп, бирок чыныгы досторум саналуу гана.

- Сени ар дайым шайыр жүргөнүңдү көрөбүз. Ыйлаган учурларың болобу?

- Мен бала чагымдан эле ыйлаганымды бирөөгө көрсөтпөйм. Себеби, "Эркек ыйлаганын көрсөтпөйт" деген сөздү угуп калгам. Ыйлаган учур менде көп убакыттан бери кездеше элек. Ыйлабай эле коёюн.

- Эгер сыр болбосо чыгармачылыктын аркасынан кандай материалдык байлык топтой алдын?

- Эл катары машина, үй алдым. Өзүмдү өзүм каржылайм. Ыр жаздырам, клип тарттырам, концерт берем, кайрымдуулук кылам. Ата-энемден бир дагы сом албайм. Бул менин жетишкендигим.

- Сени айрымдар катуу тамашага салган учурларга күбөбүз. Негизи өзүң тамашакөй жансынбы? Тамашаны кандай кабыл аласың?

- Тамашаны туура эле кабылдайм. Кабакты бүркөбөй ар дайым позитивдүү маанайда жүргөн мага жагат. Мен тууралуу тамашалар болуп калса, сөзсүз жылмаям.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!