Атамбаев аскердик кызмат өтөө тууралуу жарлыкка кол койду

17-Авг. 2017, Бейшемби

Президент Алмазбек Атамбаев мөөнөттүү аскердик жана альтернативдүү кызматты өтөп бүткөн аскер кызматчыларын запаска бошотуу, сентябрь-ноябрь айларында күзгү аскерге чакырууда мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөө жөнүндө жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, чакырууну кийинкиге жылдырууга укуктары болбогон, 18 жашка толгон эркек жарандар мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылат.

Өкмөткө мөөнөттүү аскер кызматын жана альтернативдик кызматты өтөгөн жарандары бошотуу мөөнөтүн жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу тартибин аныктоо тапшырмасы берилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!