Тилсиз жоодон каза болгон кыздар эскерилет

18-Авг. 2017, Жума

2016-жылдын 27-августунда Москвада басмаканада чыккан өрттөн каза тапкан 17 кызды эскерүү көргөзмөсү ачылат.

Уюштуруучулар билдиргендей, эртең, 19-августта өтө турган эскерүү иш-чарасы “Кызыл чийиндин ары жагында” деп аталат.

Көргөзмө борбор калаадагы “Эмен паркы” көргөзмө залында уюштурулуп, анда инсталляция жана видео ролик аркылуу кайгылуу трагедия баяндалат. Ошондой эле сүрөтчү Валерия Руппеля тарткан живопись коюлат.

Эскерте кетсек, Москва шаарындагы басмаканада чыккан өрттө кыргызстандык 14 кыз-келин каза тапкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!