Бишкекте таң эрте беш унаа кагышты (видео)

18-Авг. 2017, Жума

Бишкек шаарында таң эрте катталган жол кырсыктан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, бүгүн 18-августта таңкы саат 07:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Манас жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде беш унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, ар кандай жаракат алгандарды «Тез жардам» кызматы алып кеткен.

«Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Жол-кайгуул кызматкерлери окуя болгон жайда абалды көзөмөлдөп жатышат»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!