Балдардын шоктугунан өрт чыкты (видео)

18-Авг. 2017, Жума

Кочкор районунда жаш балдардын шоктугунан өрт чыгып, сарайда жыйналып турган чөп күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматты боюнча, 17-август күнү саат 14:15 чамасында аталган райондун Тендик айылында балдардын шоктугунан өрт чыккан. Анын кесепетинен ачык аянтта 150 түк чөп күйгөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин 42-өрт-куткаруу бөлүмүнүн 1 бөлүм тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!