Башкы прокурор президентке маалымат берди

18-Авг. 2017, Жума

Бүгүн, 18-августта президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кабыл алды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, башка көзөмөл органдын жетекчиси президентке өлкөдөгү мыйзамдуулуктун сакталышы, укук коргоонун абалы, кылмыштарга каршы күрөшүү багытында алып барган иши тууралуу маалымат берди.

Жолдубаева 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого карата даярдык көрүү жана өткөрүүдө Баш мыйзамдагы талаптардын сакталышын камсыздоо, мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн көрүп жаткан аракеттерин ортого салды.

Өз кезегинде президент Атамбаев жарандардын шайлоо укуктарынын сакталышын камсыздоону, жемкорлук менен күрөшүү, ишкерлердин укуктарын коргоону улантууну табыштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!