Эл достугу палоо аркылуу даңазаланды

21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Ош шаарында ашпозчулар арасында өткөн аш фестивалында оштук Айбек Ризаматов менен Анжияндан келген Хуршид Хасанов жеңүүчү деп табылды.

Жеңүүчүлөргө Дубайда эс алуу үчүн жолдомо берилди.

Фестивал “Азия элдеринин достугу” деп аталып, сынакка Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген 25 ашпозчу катышкан.

Ар бир ашпозчу палоолорун 1 саат 20 мүнөттө даярдап, келген коноктордун назарына тартуулады.

Иш-чарага катышкан Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ош калаасы байыртан бер эле өзүнүн уникалдуу ашканасы менен өзгөчөлөнөрүн, фестиваль аркылуу Борбор Азия элдеринин ынтымагын, маданий алакасын жакшыртууга өбөлгө түзүлөрүн белгиледи.

Фестиваль шаардагы “Изюм групп” ретро-барынын демилгеси менен уюштурулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!