“Сулайман-Тоо” музейине Кангелдиев келди

21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

“Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп Абдыкайым Кангелдиев дайындалды.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кангелдиев буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратында иштеп жаткан.

28-июлда аталган музей комплекске 26 жаштагы ырчы Самара Каримованы жетекчи кылып дайындалгандыгы тууралуу маалымат тараган. Коомчулук ырчынын жетекчилик кызматка келүүсүнө каршылык билдирип, көп узабай Самара Каримова бул кызматтан баш тартканы маалым болгон.

ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирген “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси 1949-жылы негизделген. Учурда анда 33 миңден ашуун экспонат сакталып турат. Музейде 80 кызматкер эмгектенет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!