Маршруткада уурулук кылгандар кармалды

22-Авг. 2017, Шейшемби

Бишкек шаарында №106 маршруттук таксинин ичинен уурулук кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-август күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБне Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Себеби, 20-август күнү Бишкек шаарынын Гагарин жана Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде №106 маршруттук таксинин ичинен белгисиз жарандар арыз ээсинин баасы 4000 сомду түзгөн “Самсунг-Галакси Ж-2” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен.

Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “уурдоо” беренсине ылайык кылмыш иши козголгон.

“Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында кылмышка шектүү делип Бишкек шаарынын 32 жаштагы А.Э. жана 40 жаштагы Б.К. аттуу жашоочулары кармалган. Тергөө жүргүзүү маалында кармалган жарандар кылган күнөөлөрүн өз ыктыярлары менен моюнуна алышып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына жеткизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!