​Карыпбеков: “Көк-бөрүнү көрсөтө албадык”

22-Авг. 2017, Шейшемби

Ушул тапта Казакстандын Астана шаарындагы «Казанат» ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты кызуу өтүп жаткан учуру. Бул мелдешти Кыргызстандагы бир дагы телеканал түз эфир аркылуу көрсөткөн жок.

Ал эми соцтүйүндүн колдонуучулары дүйнөлүк ири мелдешти эмнеге КТРК көрсөтпөйт деп нааразы пикирлерин билдиришкен эле. Көп өтпөй КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков бул боюнча соцтүйүндөгү баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди.

«Достор!

Кечээтен бери Астанада өтүп жаткан көкпар боюнча чемпиондукту эмнеге КТРК түз алып барбайт деген суроолор көп болуп кетти. Ошол себептен кыскача маалымат.

Көкбөрү оюндарына кыргыздын кызыгы өзгөчө канып, көргөнгө зар болоорун биз дагы жакшы билебиз. Бул себептен Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы менен тыгыз кызматташууда иш алып барабыз. Астана чемпиондугун дагы тартканга аракет жасадык.

Астанадагы Көкпар оюндарын тартуу укугу Казакстандын негизи "Казакстан" ТВ каналына берилген. "Казакстан" ТВ каналы өз кезегинде өзүнүн карамагындагы "Казспорт" ТВ каналына тапшырышкан. "Казспорт" ТВ каналы Көкпар оюндарын түз эфирде көрсөтүүсүнөн баш тартышкан. Себебин "Казакстан" телеканалынын бардык көчмө студилялары Экспо көргөзмөсүндө иш алып барып аткандыктан, башка көчмө студия жок деп түшүндүрүштү. Оюндар Казакстандын аймагында дагы түз көрсөтүлбөйт.

Мен "Казакстан" ТВ каналынын жетекчиси Карин мырза менен, "Казспорт" каналынын жетекчиси Цыбулин мырза менен дайыма байланышта болуп, Кыргызстанга түз көрсөтүү сигналын алганга аракет кылдык. Казак туугандар эгер кааласаңар биз башка жеке казак ТВ каналдарынан көчмө студия ижарага алып сиздерге сигнал беребиз деп айтышты. Бардык каражатты санаганда 20 000 долларга жакын акча керектелет экен. Тилекке каршы, биз КТРК бюджетинен мындай ашыкча акча таба албадык. Бул себептен Астанадагы бардык оюндар түз эмес, жазылып анан сиздерге тартууланат. Казак кесиптештер ушул учурда көкпарды 15 камера менен тартып атышат.

Бирок, кыргыздын каны ысып, оюнду кандай сапатта болсо дагы көрүүгө зар болгондуктан, Көкбөрү федерациясынын бир камерасына тартылып аткан оюндарды сапаты КТРК Спорттун талаптарына жооп бербесе дагы берүүнү чечтик. Азыр ушул сапаттаа көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бир аздан кийин жакшы сапатта, 15 камерага тартылган видеону дагы көрө аласыздар.

Ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Урматым менен!»,-деп соцтүйүндөгү баракчасына И.Карыпбеков жазды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!