27 жаштагы жаран унаа уурдап кармалды

22-Авг. 2017, Шейшемби

Токмок шаарынын 27 жаштагы тургуну унаа уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августа Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Алардын маалыматына караганда, Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 35 жаштагы К.К. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылган. Себеби, 12-майдан 13-майга караган түнү арыз ээсинин үйүнүн жанында токтоп турган “Вольво” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар уурдап кеткенин билдирген.

Токмок ШИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Авто унааны же башка автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, Токмок шаарынын Ф.М. аттуу тургуну кармалып, үй камагына алынган. Уурдалган автоунаа арыз ээсине кайтарылып берилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!