MegaCom кайрадан сатыкка коюлду

22-Авг. 2017, Шейшемби

«Альфа Телеком» жабык акционердик коому (MegaCom) он үч миллиард беш жүз миллион сомдон төмөн эмес баага сатылат. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын милдетин аткаруучу Болсунбек Казаков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, кыргыз өкмөтүнүн үстүбүздөгү жылдын 18-августундагы №353 буйругунун негизинде, Фонд 22-августа «Мегакомдун» акцияларынын 100 пайыз мамлекеттик пакетин түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө чечими кабыл алды.

«Альфа Телеком» ЖАКтын акцияларын сатып алуучу талапкерлер аталган суммадан төмөн эмес баага сатып алуу сунуштарын берүүсү керек. Ал эми сунуштар 25-сентябрдан кеч эмес мөөнөткө чейин кабыл алынат. Ошондой эле КРнын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик менчик обьекттерди менчиктештирүүдө Фонд сатуу баасынын үстүнөн 7 пайыз өлчөмүндө комиссиялык төлөм алат», - дейт Казаков.

Белгилей кетсек, «Мегакомдун» жеке менчикке сатылары 2015-жылы чечилип, 2016-жылдын 16-июнунда, 16-декабрда жана бул жылдын 5-июнунда аукционго коюлган. Бирок, сатып алуучу кардар табылган эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!