Террорчулукка байланышы бар эки жаран кармалды

22-Авг. 2017, Шейшемби

Бишкек шаарында Эл аралык террорчулукка байланышы бар деген эки чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-августта террорчулукка каршы багытталган иш-чаранын натыйжасында террордук уюмга тиешеси бар делип 51 жаштагы Г.А. жана 46 жаштагы С.С. аттуу КМШнын эки жараны кармалган.

«Кармалган эки жаран КМШга кирген өлкөлөрдүн биринин жарандары. Экөө тең Сириядагы террордук уюмдар менен байланышы бар делип издөөдө жүргөндөр. Кыргыз жерине жогору тараптан берилген көрсөтмөлөрдү күтүү үчүн келишкен. Анын негизинде Сирияга кетишмек. Алардын жанынан КМШ өлкөлөрүнө таандык жасалма паспорттор табылган. Кармалган бул эки жаран 18-августта өз өлкөсүнүн күч органдарына өткөрүлүп берилген»,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, сүрөттөгү 1966-жылы туулган Г.А. аттуу чет өлкөлүк жаран.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!