Кочкордогу кырсыктан 2 адам көз жумду

22-Авг. 2017, Шейшемби

Кочкор районундагы жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 18-август күнү түшкө маал болгон. Анда 48 жаштагы Ж.Н. аттуу айдоочу Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек шаарына келе жатып, жол кырсыгына кабылган.

«Кырсыктын келип чыгуусуна 40 жаштагы А.Г. аттуу Кочкор районунун тургуну жолго чыга калганы себеп болгон. Андан качууга аракет кылган айдоочу унаасы менен бакты сүзүп токтогон. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги эки жүргүнчү ооруканадан каза болуп, 3 адам жабыркаган», - деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!