Өзбекстан Кыргызстанга үч сунуш киргизди

22-Авг. 2017, Шейшемби

Өзбекстандын борбору Ташкен шаарында өткөн эл аралык конференцияда өзбек тарап Кыргызстанга үч сунуш киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 22-августа Бишкек шаарында өткөн маалымат жыйынында эксперт Жумакадыр Акенеев билдирди.

Анын айтымына караганда, ал жакында эле Ташкенте өткөн эл аралык конференцияга Кыргызстандын атынан барып катышып келген. Ал жерде Өзбекстан тараптан Кыргызстанга электр энергия, темир жол жана туризм багыттары боюнча сунуштар айтылган.

“Ташкенте өткөн эл аралык конференция учурунда аталган эки өлкөнүн ортосунда суу, энергетика боюнча кандайдыр бир маселе болуп келгендиги айтылды. Бул маселени чогуу отуруп чечип, чогуу пайдаланалы деген кептер болду. Бул абдан жакшы сунуш. Демек, бул маселе жакшы жакка бурулчудай болууда. Андан сырткары туризм потенциалын бирге пайдаланып, чек араларды ачып, элдер тоскоолдуксуз бири-бири менен катышсын деген ой толгоолор айтылды. Ошондой эле Кыргызстандын түндүгү менен түштүктү бириктире турган темир жол аркылуу оор жүк ташууга, өзгөчө күйүүчү майлоочу майларды ташууда эч кандай тоскоолдуктар болбостугу жөнүндө сөздөр айтылып кетти. Бул жакшы сунушту абдан жакшы пайдаланышыбыз керек. Анткени, бизде 96 пайыз күйүүчү майлоочу май оор жүк ташуучу унаалар менен Бишкек-Ош жолу аркылуу ташылат. Кышкысын жолдун тайгактыгынан бул жолдо, айрыкча Төө-Ашууда күйүүчү май ташыган ууналар оодарылып, күйүүчү май сууларга куюлуп калууда. Ошондой эле жол кырсыктар көп болууда. Ошондукта бир гана жүк эмес, жүргүнчүлөрдү да ташыса болот”,- дейт Акенеев.

Фото: Sputnik Кыргызстан

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!