Өзбекстандын президенти Кыргызстанга келет

22-Авг. 2017, Шейшемби

Өзбекстан Борбор Азия өлкөлөрү менен ар кандай талаш-тартыш маселелерди чечүүгө кызыктар. Бул тууралуу бүгүн, 22-августа Бишкек шаарында өткөн маалымат жыйынында Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов билдирди.

Анын айтымында, Ташкент Борбор Азия өлкөлөрү менен ар кандай талаш-тартыш меселелерди чечүү боюнча диалог жүргүзүүгө даяр.

“Өзбекстан бул аймакта саясий жаңы мейкиндикти түзүүдө кошуна өлкөлөрдүн ишенимин арттырууда жана ар кандай деңгээлде алар менен кызматташууда натыйжага жете алат. Ал үчүн Өзбекстан аймакта бардык өлкөлөр менен чектешет жана аймакты туруктуу аймакка айлантууга кызыкдар”,- дейт Рашидов.

Ошондой эле элчи Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин салымы менен эки өлкөнүн мамилеси жакшырып келе жатканын белгилеп өттү.

“Учурда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон сапары даярдалып жатат. Иш сапардын мөөнөтү жана убактысы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө”,- деп кошумчалады ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!