Сокулуктагы жол кырсыктан 4 адам мүрт кетти

22-Авг. 2017, Шейшемби

Сокулук районундагы кырсык 4 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн, 22-август күнү саат 12:15тер чамасында Сокулук районунун Төмөнкү Чүй жана Жаңы-Жер айылдарынын ортосунда болгон. Анда айдоочу “Мерседес” үлгүсүндөгү унаасы менен жол жээгинде маршруттук такси күтүп турушкан үч аялды жана велосипедчен 12 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Төртөө тең ошол жерден кайтыш болушкан.

Азыркы тапта 47 жаштагы К.А. аттуу айдоочу кармалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Алдын ала маалымат боюнча айдоочу мас абалда болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!