​Оштогу ишканага жүз миң сомдук айып салынды

22-Авг. 2017, Шейшемби

“Ош тейлөө курулуш” акционердик коомунун директоруна 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө айып салынды. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, ишканага таандык “Асман Трейдинг” унаа тетиктерин сатуу жана оңдоочу жайы Мамэкотехинспекциянын койгон талаптарын аткарган эмес. Тагыраак айтканда, өз убагында инспекторлор берген көрсөтмөлөрдү же өз убагында ишмердүүлүк, курулуш иштерине болгон уруксаат кагаздарын көргөзгөн эмес.

“Жеринде инспекторлор тарабынан акты, проктоколдор толтурулуп, “Административдик жоокерчилик жөнүндөгү” Кодексинин 477 беренесинин негизинде “Ош тейлөө курулуш” акционердик коомунун директоруна 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө айып салынды. Учурда коюлган айыпты мамлекеттин казынасына өндүрүүнүн үстүндө активдүү иштер жүрүп жатат. Бул ирээт Мамэкотехинспекциянын талаптары аткарылбаса материалдар сот органдарына катуу чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилет”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!