Жаш кызга зомбулук кылгандар кармалды

22-Авг. 2017, Шейшемби

Бишкектеги Кара-Жыгач токоюнда жигитти менен сейилдеп жүргөн жаш кызды 3 жигит зордуктап кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, 14-августта кечки саат 22:00 чамасында Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач токойунда жигитти менен сейилдеп жүргөн жаш кыз-жигитке 16 жаш чамасындагы 3 бала кол салган.

«Кыз-жигитке күч колдонуп, уюлдук телефондоруп алып, андан соң кызды жигитинин көз алдында зордуктап кетишкен. Учурда окуяга шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө амалдары жүрүүдө»,- деп билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!