Майыптарга бут кийим таратылды

22-Авг. 2017, Шейшемби

Өткөн аптада Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси 120дан ашуун ден соолугунан улам мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кызмат көрсөттү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Аталган мекеменин директору Утан Жунушовдун айтымында, 2017-жылдын башынан тарта ортопедиялык бут кийимдердин модельдери өзгөртүлүп, жаңы заманбап үлгүдөгү бут кийимдер өндүрүлүүдө.

“Мекемеге кайрылган жарандардын алтымыш беши ортопедиялык батек жана корсет-бандаждарга, алтымышы ортопедиялык бут кийимге, бешөө жаңы протезге муктаж болгондор”,-дейт ал.

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси бир жуманын ичинде 135 жуп ортопедиялык бут кийим, 120 даана протездик-ортопедиялык буюмдарды өндүргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!