10 жаштагы баланы КамАЗ сүзүп кетти

22-Авг. 2017, Шейшемби

Баткен шаарында 59 жаштагы айдоочу оор жүк ташуучу унаасы менен велосипед тээп бараткан өспүрүм баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-августа Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 20-август күнү саат 17:35 чамасында Баткен шаарынын Турмаматов жана Сайдиман ажы көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 59 жаштагы А.Н аттуу Кара-Суу районунун тургуну «КамАЗ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен көчөөдө велосипед тээп жүргөн, 10 жаштагы С.А аттуу баланы сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерден көз жумган.

«Учурда бул факт боюнча кылмыш-иш козголду. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!