21 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды

23-Авг. 2017, Шаршемби

Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну уурулукка шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Бишкек шаарынын жараны арыз менен кайрылып, 19-август күнү болжол менен саат 19:30 чамасында кичи райондордун биринде жайгашкан үйдүн подъездинен баасы 15 миң сом турган велосипеддин белгисиз жаран уурдап кеткенин билдирген.

Милиция кызматкерлери тарбынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө ишинин натыйжасында С.С. аттуу Бишкек шаарынын жашоочусу кармалган.

Жогорудагы фактыга ылайык Кылмыш-жаза кодексинин “уурулук” беренсинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга жеткизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!