Милицияларды коркуткандар изделүүдө

24-Авг. 2017, Бейшемби

Милиция кызматкерлерин тапанча, граната менен коркуткан белгисиз адамдарды кармоо планы жарыяланды. Бул туралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 24-августка караган түнү Ауэзов көчөсүндө темир жол өтмөгүнүн жанында Патрулдук милиция кызматкерлери жол эрежелерин бузуп, жол чыракка токтобой өтүп кеткен «Nissan Presage» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Тийиштүү документтерди текшерүү учурунда унаанын ичиндеги адамдар милиция кызматкерлерин тапанча жана жардыруучу граната менен коркутушуп, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Милиция кызматкерлери эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

ИИМдин маалыматына караганда, белгисиз адам жардыруучу затты алып чыкканда, Патрулдук милициянын кызматкерлери бир нече жолу эскертүүчү ок чыгарышкан.

«Азыркы тапта унаанын ичинде канча адам болгону такталууда. Аларды кармоо үчүн «Перехват» планы жарыяланды. Ал эми «Nissan Presage» унаасы бүгүн эртең менен Көк-Жар конушунан табылганын, ал жерде тергөөчүлөр эксперттер менен иштеп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!