Каракчылар үй ээсин өлтүрүп кетти

26-Авг. 2017, Ишемби

Чүйдө ууруга кирген эки жигит үй ээсин өлтүрүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-август күнү Панфилов районунун Чолок-Арык айылындагы үйлөрдүн биринде азиат улутундагы эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу милицияга маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча Панфилов РИИБнин ыкчам-тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, сөөккө кароо жүргүзүү учурунда анын денесинде бир нече жаракаттар табылып киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү аныкталаган. Маркум 77 жаштагы жергиликтүү тургун экендиги такталып, чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иши козголгон. Ошондой эле соттук медициналык, соттук биологиялык жана соттук дактилоскопиялык экспертизалар дайындалган. Териштирүү учурунда каза болгон А.М. үйүндө жалгыз жашагандыгы аныкталып, анын 70 миң сом акчасы, паспорту, пенсиондук күбөлүгү жана кийимдери жоголгондугу маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, мурда соттолгон Жайыл районунун 48 жаштагы жашоочусу Б.И. кармалган. Тергөө учурунда ал күнөөсүн моюнуна алып, бул кылмышты жасаганда жанында “Акжол” аттуу жаран болгондугун билдирип, алар уурулукка киришип, аларды көрүп калгандыктан үйдүн ээсин өлтүрүшкөнүн айткан.

Кармалган жарандын үйүн текшерүү учурунда, уурдалган акча каражаты, андан сырткары 50 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар баңгизаты сыяктуу зат табылган.

Ал эми 23-август күнү жогорудагы кылмыш ишине шектүү делип 33 жаштагы А.А. аттуу экинчи жаран кармалган. Кармалган жарандар Панфилов РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!