Жайылда террорчулар жок кылынды

29-Авг. 2017, Шейшемби

Жайыл районунда куралданган террорчулар жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, террордук топтун мүчөсү Т.И, Ж. уулу Ж жана К.Днын жүргөн жери аныкталып, УКМКнын кызматкерлери тарабынан колго түшүп берүү талабына баш ийбегендикен, аларга ок чыгарышкан. Мындан улам Т.И. жана К.Д. ошол жерден көз жумса, Ж. уулу Ж. ооруканага жеткирилген. Кызматкерлердин арасында жабыркагандар болгон жок.

«Торрордук топ Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн белгилөө учурунда Бишкек жана Чүй облусунун аймагында теракт кылып, куралдуу кол салуу уюштурууну максат кылышканы белгилүү болду. Ошондой эле терордук чабуулга даярданып жаткан топко жардам көрсөткөн деген шек менен 57 жаштагы К.О. жана 32 жаштагы Т.А. аттуу эки жаран кармалды» - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 24-августка караган түнү Ауэзов көчөсүндө темир жол өтмөгүнүн жанында Патрулдук милиция кызматкерлери жол эрежелерин бузуп, жол чыракка токтобой өтүп кеткен «Nissan Presage» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Тийиштүү документтерди текшерүү учурунда унаанын ичиндеги адамдар милиция кызматкерлерин тапанча жана жардыруучу граната менен коркутушуп, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!