Үй шартында баңгизат өндүргөндөр кармалды

30-Авг. 2017, Шаршемби

Ысык-Көл облусунда ири өлчөмдө баңгизаты алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

21-августа ИИМдин ыкчам кызматкерлери, Түп РИИБнүн кызматкерлери менен бирдикте алдын ала түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде мурда баңгизаттарын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн соттолгон Миң-Булак айылынын 47 жаштагы тургуну А. А. аттууга тиешелүү үйүн кароо жүргүзүлгөн. Бул учурда үйүнүн бөлмөсүнөн 53 литр бангизаты жыттанган салмагы 58 кг. 100 гр. суюктук, 41 кг. 500 гр. марихуана жана 47 брикетке бөлүнгөн 1 кг. 600 гр. гашиш баңгизаттары табылган. Ошондой эле сарайынан баңгизатын даярдоого кайрадан башкача кылып жабдылган 2 даана кир жуугуч машинкалары табылып алынган.

Кармалган шектүү адамдын айтымында, жай мезгилинде Ысык-Көл районунун Бостери айылында, 34 жаштагы А.Б. аттуу жергиликтүү тургун менен таанышып, баңги каражатын даярдоону чечишет. Бул максатта Түп районуна караштуу Миң-Булак айылынан кароосуз калган үйдү алып, ал жерден 16-августтан 20-августка чейин айылдын тегерегинен жапайы өскөн кара куурай кендир өсүмдүгүн колдору менен жулуп чогултуп келишкен. Андан кийин аталган үйдүн короосунан кир жуугуч машинкалардын цетрофугасына салып, ысык суу куюп айлантып, андан чыккан сууну казанга куюп кайнатып, чыккан баңги каражатын калпып алып, аны чыпкалап, пресстеп кургатып жайып коюп жүрүшкөн.

“Аталган факты боюнча Ысык-Көл ОИИБы боюнча тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, баңгизаттарын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кармалган А.А., менен А.Б. айыптары угузулду. Каракол шаардык сотунун чечими менен аларга 2 айга “камака алуу” баш чарасы кабыл алынган. Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө амалдары жүрүп жатат»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!