Шахтанын астында 4 адам калып калды

30-Авг. 2017, Шаршемби

Сүлүктү шаарында шахтанын алдында төрт адам калып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, окуя 28-август күнү саат 19:10 чамасында жогоруда аталган шаардагы шахтада орун алган. Анда жер кыртышы көчүп, 4 адам шахта алдында калып калган.

“Жергиликтүү айыл тургундары шахта алдында калгандарды куткарып калышкан. Шахтанын алдында калып калган 4 адамдын ичинен 3 адам ооруканага жеткирилип, бирөөнө кырсык болгон жерден жардам көрсөтүлгөн”,- деп билдирет ӨКМнын басма сөз кызматы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!