​Шаяхметов: “Тез жардамга дарыгерлер жетишсиз”

7-Сен. 2017, Бейшемби

Бишкекте “Тез жардам” кызматына дарыгерлер жумуштун оордугуна чыдабай арызын жазып иштеп кетип жатышат. Учурда бир бригада дарыгерлер жок бош турат. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Шаардык медициналык тез жардам станциясынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов билдирди.

“Биздеги эң чоң көйгөй кадрлар тартыш болуп жатат. Анткени биздин жумуш өтө оор. Дарыгерлер жумуштун оордугуна чыдабай бир аз эле иштеп эле арызын жазып кетип жатышат. Ошондон улам бир биргада бош турат. Айлык акы аз, 5 миң айлык эмнеге жетет. Ушул көйгөлөрдү эске алып Бишкек шаарынын мэриясы бизге жардамды көрсөтүп жатышат. Былтыр июль айынан тарта дарыгерлердин айлыгына кошумча маяна катары айына 4 миң сом кошуп беришкен. Санитар жана фельдшерлер 2500 сомдон кошумча айлык алышат”,-деди Шаяхметов.

Башкы дарыгер билдиргендей, шаарда калктын саны жылдан-жылга өсүп жаткандыктан 38 бригада жетишпей жатат.

“Мен жаңыдан жетекчилик жумушка келген жылдары болгону 22 гана бригада иштечү. Бул жакта иштегениме 2 жылдан ашты азыркы учурда 38ге жакын бригада бар. Бирок бул жетишпейт. Шаарда 48 жаңы конуш бар. Жалпысынан 1 миллион 245 миңге жакын эл жашайт. Эреже боюнча он миң кишиге бир тез жардам унаасы болуш керек болчу. Жалпы 124 бригада ачышыбыз керек эле. Бул чоң көйгөй бойдон калууда. Былтыр эпидемия эрте башталгандыктан бир күндү 12000 дөн ашуун чалуу түшкөн. Бир дарыгер бир күндө 38 чакырууну кабыл алгандыктан жумуштун оордугуна чыдабай бир дарыгер кетип калды”,-деди башкы дарыгер.

Айрым учурларда “Тез жардам” кызматында иштеген дарыгерлер бейтапка медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн акча алган учурлар бар. Шаяхметов мыйзамга ылайык бейтапка алгачкы медициналык кызматты акысыз көрсөтүү керектигин эскертти.

“Мыйзамда так көрсөтүлгөн “Тез жардам” кызматы элге алгачкы акысыз медициналык жардам көрсөтүү деген. Бирок, кээ бир убакта дарыгерлер элден күйүүчү май, дары-дармек үчүн акча алган учурлар бар экен. Башкы дарыгер катары айтсам дары-дармек, күйүүчү май бизде жетиштүү. Акча сурагандары туура эмес. Эгер ушундай фактылар катталса менин телефон номурума чыгып байланышса болот”,-деди И.Шаяхметов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!