Туристтерди сүзгөн айдоочу кармалды

7-Сен. 2017, Бейшемби, 16:52

Ошто эки турист менен бир кыргыз жаранын сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрга караган түнү Алай районуна караштуу Сары-Таш айылына жакын жерде чөп жүктөгөн «Хундай Портер» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа эки чет өлкөлүк туристти жана бир кыргыз жаранын сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.

Качып кеткен айдоочу 27 жаштагы Алай районунун Чий-Талаа айылынын тургуну экени аныкталган. Учурда анын унаасы айып аянтчасына коюлуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!