Темир заводу талаптарга жооп бербейт

7-Сен. 2017, Бейшемби, 17:14

Сокулук районунун Шопоков шаарында «Лахор Стиль Микс» жоопкерчилиги чектелген коомунун темир иштетүүчү заводу экологиялык талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Аталган завод бир нече мыйзам бузуу менен иштеп жаткан. Ошондой эле, заводдон чыккан түтүн жашоочулардын ден-соолугуна зыян келтирүүдө.

Жергиликтүү тургундар темир иштетип келген заводдун жетекчилигине бир нече ирээт кайрылганы менен эч кандай майнап чыккан эмес, анын негизинде Шопоков шаарынын тургундары Мамэкотехинспекцияга арыз менен кайрылышкан. Себеби 24 саат боюу тынымсыз иштеп келген ОсОО «Лахор Стиль Микс» темир иштетүүчү заводунан чыккан жагымсыз жыт тургундардын үйлөрүн гана каптабастан, өсүмдүктөрүнө дагы зыян келтирген.

Анын кесепетинен улам мөмө-жемиштер куурап, алма бактар соолуп баштаган. Талап боюнча ишкана түтүн чыгаруучу морду узартышы керек эле, бирок 5 метрге гана мор узартылган. Жергиликтүү тургундардын заводдон чыккан жагымсыз жыттан улам, жашоочулардын көбү тери оорусу менен жабыркай баштаган. Бул боюнча ооруканага кайрылышкан тургундар, дарыланганы менен натыйжа болбой жатканын билдиришет.

Мамэкотехинспекциянын Сокулук району боюнча инспектору Шырдак Жусупбековдун текшерүүсүнүн негизинде, аталган ишкананын азыркы тапта ишмердүүлүгүн токтотушту. Себеби Шопоков шаарындагы ОсОО «Лахор Стиль Микс» темир иштетүүчү заводу бир нече пунктан турган мыйзам бузуп жатканы катталган.Учурда Мамэкотехинспекция тарабынан комиссия түзүлүп, иликтөө иштери башталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!