Бештеги кызды зордуктоого аракеттенген жигит кармалды

7-Сен. 2017, Бейшемби, 17:46

Талас облусунда 5 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелген 30 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бакай-Ата районунун прокуратурасынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 29-август күнү укук коргоо органдарына 5 жаштагы кыздын апасы кызына карата 30 жаштагы жигит тарабынан зордуктоо аракети болгонун билдирген. Окуя 20-август күнү Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында орун алган. Шектүү тууганы болгон. Учурда кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесине ылайык, кылмыш иши козголуп, шектүү кармалган. Иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!