Бүгүн Мьянмада курман болгондорго Куран окулат

8-Сен. 2017, Жума, 10:08

Бүгүн, 8-сентябрь ыйык жума күнү өлкө аймагындагы бардык мечиттерде Мьянмадагы мусулман коомчулугу үчүн түзүлгөн кырдаалда көз жумган мусулман бир туугандарга багышталып Куран окулат. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

"Жума күнүндө кырдаалдын токтоп, жергиликтүү жашоочуларга болгон зомбулуктун мындан ары кайталанбашы үчүн Жараткан Алла Таалага дуба тилектер кылынмакчы",-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!