Ошко ажылардын алгачкы тобу келди

11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 12:55

Ош шаарынан ажылык парзын аткаргандардын алгачкы тобу мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.

Зыяратчыларды Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев жана ажылардын миңдеген жакын туугандары тосуп алышып, ажылык ибадаттардын кабыл болуусу үчүн дуба кылышты.

Ал эми Кыргыстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын түштүк аймагы Ош Эл Аралык аэропортунан учуруп жана тосуп алуу жана зам зам сууларды таратуу боюнча өкүлү Убайдулла ажы Сарыбаев Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин жылуу салам айтып, ажыларга ажы башчылар көрсөткөн кызматтарды, ажылыкта Кыргызстандыктан үчүн түзүлгөн шарттар боюнча кабар алып, тийиштүү болгон бардык маселелерди жеринде чечти.

Ал эми ажы башчы Мурзали ажы Козуевдин билдирүүсүнө караганда аталган рейсте Ош облусунун Кара-Суу районунан катталган 303 зыяратчы учуп келишти жана барынын ден-соолуктары, маанайлары жакшы. Алгачкы келген ажылардын тобу Кыргыстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабына ыраазычылыктарын билдиришип, алкыштарын айтышты.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!