Кадырбеков жаштарга үч нерсе каалады

11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 14:13

Бүгүн, 11-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад областынын жаштарынын демилгеси менен Кыргыз республикасынын президентинин аппаратына караштуу "Ыйман" фондунун жана жергиликтүү бийликтин колдоосу астында ири масштабдагы "Жалал-Абадга жаштардан белек" аттуу семинар өткөрүлдү.

Жалал-Абад мамлекеттик университетине “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков келип, 400гө жакын студентке “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында жаштарды туура жолго үндөө максатында семинар өттү.

Анын айтымында, борбордо отура бербестен, мүмкүнчүлүктүн болушунча ар бир областты, район-шаарларды кыдырып, эл аралап, жаштарга ыйман, адеп, маданият боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү деп чечишкен.

"Алдыда Кыргызстаныбыздын президентин тандоо максатында шайлоо өткөрүлөт. Мына ошол шайлоодо, тандоодо жаштарыбыздын орду чоң. Көпчүлүгү шайлоого катышкандан баш тартышат. Бул туура эмес нерсе. Ар бир жаран шайлоо укугун баркташы керек. Канча элдер ушул укукка жетүү үчүн чок тебелеп, кан кечишкен. Бизге шайлоо үчүн атышуунун, урушуунун, согушуунун зарылдыгы жок. Ал укуктардын баары колубузда турат. Бирок, бизде ал укукту барктабай жаткандар көп. Ошондуктан ар бир жаран кайдыгер карабай, шайлоого катышып, өздөрү ишенич көрсөткөн талапкерге добуш берүүсү керек. Мекен бул биздин көз карегибиз, жаныбыз жана намысыбыз. Добуш сатылбашы жана сатып алынуусу керек эмес. Кыргызстаныбыз кичинекей өлкө. Ыйык мекенибизди жарадар кылып албайлы, оорутуп албайлы, жоготуп албайлы. Кыргыз жаранына өзгөчө жаштарга тилерим ыйман, тазалык, абийир жана жоопкерчилик,- деди ал.

Семинардын соңунда келген конокко студенттер суроо беришип, жооп ала алышты.

Белгилей кетсек, төрт багыттагы семинарлар бир эле убакытта Жалал-Абад шаарындагы төрт окуу жайда өттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!