Кылмышты ачууга көмөктөшкөн аял сыйланды

11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 14:23

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов бүгүн, 11-сентябрда Ош шаардык милициясы менен активдүү кызматташып, оор жана ѳзгѳчѳ оор кылмыштардын бетин ачууда салымдарын кошушкан жарандык коомдун тѳрт мүчѳсүн сыйлады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы билдирет.

Аларга башкармалыктын Ардак громатасы жана акчалай сыйлыктар берилди. Алардын арасында Ошто 27-август күнү ѳз келининин колунан адам колдуу болуп каза болгон Жумагул Арзыбаеванын денесин таштанды контейнерден таап алган «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын кызматкери Айзада Нурбаева дагы бар.

Эгерде, ушул аял сумкадагы денени байкап, бирок, милиция кызматкерлерине билдирбегенде кылмыштын бетин ачуу дагы татаалдашмак.

Айзада эже: «Ошол күнү адатымча ѳзүмѳ бекитилип берилген аймакты тазалап, шыпырындыларды таштандыга салып жаткам. Бир маалда канга чыланган жаңы сумка кѳнүлүмдү бурду. Карасам 10-15 см. ачылып турат. Мен адегенде аппак дене бѳлүгүн кѳргѳнүмдѳ «чочконун же тооктун этиби» деп ойлогонмун. Ача салсам «сорок» этип бир буту чыга калды. Чочуп кеттим. Аялдын денеси экенин түшүндүм. Анан милицияга чалдым. Милиция келгенден кийин гана ѳзүмѳ келип, адамдардын мыкаачылыгына ызаланып, ошол жерде эле ѳңгүрѳп ыйлап алдым. Коркуп калган экенмин, эки күн уктабай чыктым. Азыр деле ошол аял көп түшүмѳ кирет»-деди Айзада Нурбаева.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!