Омбудсмендер форумунда резолюция кабыл алынды

11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 15:20

8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Эл аралык Омбудсмендер форуму болду. Форумдун жүрүшундө Омбудсмендер резолюция кабыл алышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирет.

"Адам укуктарын коргоо жаатындагы ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча Акыйкатчынын ролу: күтүүсү жана келечеги"- деген темадагы эл аралык форумдун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган резолюция менен төмөндө таанышыңыз:

"Биз адам укуктары боюнча эл аралык Ысык-Көл Форумунун катышуучулары – Австриянын, Армениянын, Ирандын, Казахстандын, Кыргызстандын, Литванын, Молдованын, Россиянын, Монголиянын Таджикистандын, Турциянын, Узбекистандын Омбудсмендеринин жана Адам укуктары боюнча Улуттук институттардын өкүлдөрү

укуктук жана эгемендик мамлекетти куруу үчүн негизги шарттардын бири болуп - бул адам укуктары менен эркиндиктерин сыйлоо болот экендигине ишенүү менен,

адам укуктары боюнча жалпы Декларациянда, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактыда, Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактыда каралган укуктарды жалпы жана натыйжалуу колдонуу максатында экендигин эске алуу менен,

улуттар арлык чыдамдуулук жана досчулук, жарандык коомчулуктун жана анын макулдугун бекемдөө бул адам укуктарын жана эркиндиктерин жалпы сыйлоого жана сактоого жардам берет жана адам укуктары чөйрөсүндөгү негизги эл аралык-укуктук документтерди ылайык келтирүү экендигинбилүү менен,

адамадардын расасына, жынысына, тилине, саясий түшүнүгүнө, динине жана социалдык чыгышына карабастан алардын демократиялык кайра жаралышы, экономикалык жана социалдыу жактан өсүшү мыйзамдуулукту жан тартиптүүлүктү сактоодо баардык адамдар үчүн неизги укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоону жактырууну жана өнүктүрүүнү эске алуу менен,

адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо механизмин өркүндөтүү зарылдыгын эске алуу менен,

адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча улуттук мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашырууга жетүү үчүн,

төмөнкүлөрдү ишке ашырууга макулдаштык:

1) Өз өлкөбүздүн мыйзамдарына жана өзүбүздүн компетенциябызга ылайык адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндө кызматташууга;

2) Адам укуктары менен эркиндиктерин сыйлоо менен жарандардын укуктары жана эркиндиктери бузулган учурларда аны өз убагында билдирип, изилдөөгө жана аныктоого бири-бирибиз менен кызматташууга;

3) Өз өлкөбүздүн аймагында чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө;

4) Адам укуктары менен эркиндиктери чөйрөсүндөгү укуктук мыйзамдардын жогорулашына чогуу жетишүүгө;

5) Жарандардын жана адамдардын укуктары менен эркиндиктерине тиешелүү аналитикалык жана маалыматтык материалдар менен бөлүшүүгө;

6) Өз мекемебиздеги жана өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдарындагы кызматкерлердин квалификацияларын жогорулатуу үчүн конференцияларга, тегерек столдорго, семинарларга жана башка иш-чараларга чакырууга жана бири-бирибиз менен кызматташууну өнүктүрүүгө;

7) Адам укуктары менен эркиндиктери үчүн чет элдик коллегалар менен кызматташуу жөнүндө жылдык баяндамаларыбызда көрсөтүүгө;

8) Этникалык диний жана маданий багыттагы мамилелерди бекемдөө чөйрөсүндө кызматташууга;

9) Жарандардын жана адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоодо укук коргоо уюмдарына зарыл болгон колдоо көрсөтүүгө;

10) "Адам укуктарын коргоо жаатындагы ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча Акыйкатчынын ролу: күтүүсү жана келечеги"- деген темадагы эл аралык Форум өткөдүгү боюнча жана кол коюлган келишимдер менен маселелер жөнүндө өз өлкөбүздөгү парламентке жана өкмөткө, массалык маалымат каражаттарына билдирүүгө макулдаштык".

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!