Караколдо суу жээгинде орун алган “River Park" ачылды

11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 17:39

Мындан 2 күн мурун Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында "Каракол River Park" сейил багынын расмий ачылышы болду. Ачылыш салтанатына шаар мэри Данияр Арпачиев, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Монолдоров Дамир, ЮСАИД уюмунун өкүлдөрү, АКШнын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алан Мельцер жана ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери, туристтер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө түрдүү диаспоралардын өкүлдөрү, ырчылар, аткаруучулар, бий топтору өз өнөрлөрүн тартуулашты. Мындан тышкары, тамак-аш, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өткөрүлүп, улуттук кийимдердин көргөзмөсү уюштурулду.

Жарманкеде апалар камыш согууда.

3-класстын окуучусу килем токууда. Бул өнөрдү чоң энесинен үйрөнгөнүн айтат.

"Толгонай эне" коомдук боз үй ордосу.

Парктын ачылышында ар бир улуттун тамагы эл назарына тартууланды.

АКШнын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Каракол шаарынын мэри паркты расмий ачууда.

Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиевдин айтымында, парктын аянты 3 гектарды түзөт.

«Парк Каракол суусунун жээгинде орун алгандыктан шаар тургундар үчүн сейил багын куруу демилгеси көтөрүлгөн. Суунун жээги болгондуктан коопсуздук эрежелери сакталган. Атайын кызматкерлер көз салып турушмакчы. Ошондой эле тосмолор, балдар аянтчалары, спорт менен машыгуучу жай, отургучтар, кечкисин жарыктандыруучу лампалар орнотулду. Шаар тургундары үчүн күнү-түнү эс алууга болот», - деди мэр Арпачиев.

АКШнын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алан Мельцердин айтымында,

“Бул парк ЮСАИД уюмунун Бизнести өнүктүрүү долбоору тарабынан курулду. Бул сыяктуу жүргүзүлүп жаткан иштер Кыргызстанда көп. Алардын көбүнчөсү туризм, жеңил өнөр жай, айыл чарба тармагында иш алып барат. Парктын мындан ары шаар жетекчилиги көзөмөлгө алып турмакчы. Донорлор тарабынан жергиликтүү эл тарбынан сунушталган демилге болгондуктан шаар жетекчилиги көз салып тураарына ишенебиз”,-деди Алан Мельцер.

“River Park" бийиктиктен көрүнүшү.

Парктын ичинде атайын машыгуу үчүн турниктер орнотулган.

Караколдун балбан жигиттери өз өнөрлөрүн тартуулап жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!