Чаарчыкты мыйзамсыз үй шартында баккан

12-Сен. 2017, Шейшемби, 14:40

Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик иснпекциясы тарабынан кызыл китепке кирген жаныбарды өзүм билемдик менен үйүндө кармаган жаран аныкталды. Бул тууралуу аталган инспекциянын маалымат кызматы билдирди.

Тагыраак айтканда, Жайыл районуна караштуу Моңолдор айылынын тургуну Абдракманова Э.Р. эликтин чаарчыгын үйүндө мыйзамсыз кармаган. Ыкчам иштердин жүрүшүндө аталган жандык инспекторлор тарабынан көзөмөлгө алынды. Жеринде тийиштүү кагаздар толтурулуп, эликтин чаарчыгы ветеринарлардын жана Мамэкотехинспекциянын кароосуна өткөрүлдү. Ал эми кызыл китепке кирген жандыкты кармагандарга чара көрүү боюнча иликтөө иштери Мамэкотехинспекция жана укук коргоо органдары менен биргеликте жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда кызыл китепке кирген жаныбарларды кармоого, аларга аңчылык кылууга тыюу салынган. Өз кезегинде кызыл китепке кирген жаныбарларга карата кыянаттык кылган жарандардын үстүнөн ири айыптан сырткары, кылмыш жообуна тартылаарын Мамэкотехинспекция эскертет!!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!