Чүйдө куралчан төрт адам изделүүдө

13-Сен. 2017, Шаршемби, 14:01

Чүй облусунда куралчан делген белгисиз 4 адам изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлады.

Маалыматка караганда, 12-сентябрь күнү милицияга 1989-жылкы Ш.Р. аттуу жаран кайрылып, аны белгисиз төрт адам ошол күнү саат 17:30 чамасында коркутуп, унаасы менен белгиленген жерге жеткирип коюшун талап кылышкан.

Жабырлануучунун айтымында, унаасында бензин жок экенин айтканда аны алардын бири чаап жиберген. Андан соң унаасын текшеришип, бензин жок экенине күбө болушкан соң кетип калышкан.

“Жанында белгисиз ок атуучу куралдары да болгон. Азыркы тапта аларды кармоо боюнча атайын "колго түшүрүү" планы жарыяланды. Тиешелүү жерлерге тосмолор коюлуп, ар бир унаа текшерүүгө алынууда",- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!