Өспүрүмдү чет өлкөгө уурдап кетмек болгон

14-Сен. 2017, Бейшемби, 14:34

Ошто жасалма күбөлүк менен өспүрүм баланы Россияга алып кетүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, “Ош” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү бекетинде Ош-Москва каттамындагы №965-рейсти каттоо учурунда 37 жаштагы И.С. аттуу кыргыз жараны кармалган. Ал 2 жаштагы баланы туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк менен өлкөдөн сыртка алып чыгып кетүүгө аракет кылган.

Анын айтымында, баланын атасы өлкөдөн чыгарууга уруксат бербегендиктен жасалма документ колдонгон. Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, кармалган аял УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!