Ноокендеги кырсыктан 6 адам көз жумду

15-Сен. 2017, Жума, 10:14

Ноокен районунун Достук айыл аймагында жол кырсыгынан 6 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык 14-сентябрда түнкү саат 10:00дөр чамасында болгон. Анда «Ауди-100» менен «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруучусу тартылып, кырсыгынын кесепетинен Ауди-100 унаасындагы 6 адам каза болгон. Каза болгондордун ичинен 5 адам жол кырсыгы болгон жерден, 1 адам ооруканадан көз жумган.

Каза болгондордун жансыз денелери Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген. Ал эми Хундай Портер унаасындагы жабыркаган 1 адам, Шамалды-Сай шаардык ооруканасына жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!