Чычкан капчыгайында мыйзамсыз дарактар кыйылды

15-Сен. 2017, Жума, 11:30

Жалал-Абад облусундагы Токтогул районундагы Чычкан капчыгайынын Ит-Агар участогунда мыйсамсыз бактарды кыйган жаран аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамэкотехинспекциянын инспекторлорунун текшерүүсүндө Ө.Б аттуу жаран өз билемдик менен бак кыйып жаткан жеринен кармалган.

"Жеринде инспекторлор тарабынан мыйзамсыз иш токтотулуп, тийиштүү иш кагаздары толтурулду. Териштирүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз бак кыйгандыгы үчүн аталган жаранга 1000 сом айып жана 8900 сом доо коюлду. Учурда коюлган айып, доолор толугу менен өндүрүлдү",-деп айтылат маалыматта.

Эске салса кетсек, өз билемдик менен, уруксааты жок бак-дарактарды кыюуга тыюу салынат. Мыйзам боюнча уруксаатсыз, өз билемдике салып, коргоого алынган бактарды кыйгандарга ири айып, доолордон сырткары, кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!