​Германиялык адистер КМТУда конокто болду

15-Сен. 2017, Жума, 12:09

Кечээ, 14-сентябрда Германияда билим берүү тармагында иштеген адистер И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде болду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин университет Германия мамлекети менен бир нече долбоорлорду ишке ашырган. Чет элдик делегациянын келген максаты эки өлкө ортосундагы байланышты бекемдеп, тажрыйба алмашуу жана жаны мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

Келген коноктордун бири Игорь Клайн: «Университет абдан жандуу экен. Себеби студенттер абдан көп, билим берүү кызуу жүрүп жатканы көрүнүп турат. Биз башка малекеттин ЖОЖдордо болгонубузда ректор өзү тосуп алганын кезиктирген эмеспиз. Жетекчи транспорттон түшүп жатканыбызда тосуп чыкканы жакшы маанай калтырды »,-деди ал.

Тараптар билим берүү жаатында кызматташуу тууралуу өз ара пикир алышып, тажрыйбалары менен бөлүштү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!