Бөтөлкөлөшүн өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

15-Сен. 2017, Жума, 17:06

Кеминде адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 31-июль күнү аталган райондун Подгорное айылында болгон. Анда 40 жаштагы С.М. чогуу спирт ичимдигин ичип отурган 47 жаштагы И.Т. менен уруша кетип, аны муунтуп өлтүрүп, Чоң Чүй каналына ыргытып жиберген.Кылмышка шектүү маркумга тиешелүү унааны айдап качып баратып, Бишкек-Торугарт жолунда жол кырсыгына кабылып, ал ооруканага жеткирилип, бирок ал жактан качып кеткен.

Жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин негизинде кырсыкка кабылган унаа маркум И.Тга таандык экени аныкталган. Ошондой эле 6-август күнү Алга айылындагы каналдан анын сөөгү табылган.

«Кылмышка шектүүнүн С.Мнын жашынып жүргөн жери август айынын аягында аныкталып, ал кармалган. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына киргизилген», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!