Маевкадагы сүт фермасында чыккан өрт өчүрүлдү

19-Сен. 2017, Шейшемби, 10:16

Чүйдөгү Аламүдүн районунда 19-сентябрда саат 00:53 чамасында Маевка айылындагы сүт фермасынын аймагында темир каркаска шифер жабылган аянты 300 чарчы метр кампанын чатыры, ичиндеги темир цистерна жана 5 резервуарда куюлган 6 тонна растворитель “Нефрас” жана 2 тонна күн карама майы күйгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Өрт болгон жерде 1 адам (1992 ж. т. Р. А.) денесинен 90 пайыз 1-3 А даражадагы күйүк алган. Азыркы учурда жабырлануучу Бишкек шаарындагы №4 оорукананын күйүк борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Өрттү өчүрүүгө №8 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, №2 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, №7 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, №3 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт 2017-жылдын 19-сентябры күнү саат 02:28де чектөөгө алынып, саат 03:07де толук өчүрүлдү.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!