​Баткенде 15 кыз тигүүчүлүк кесибине ээ болду

19-Сен. 2017, Шейшемби, 16:33

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, Баткен казыяты жана “АВЕП” коомдук фонду ишке ашырып жаткан “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун алкагында Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Имам Аъзам” медресесинде окуган 15 кыз тигүүчүлүк кесибине ээ болуп, сертификат алышты. Бул тууралуу Баткен Казыятынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, “Имам Аъзам” медресесинин мүдүрү Ысмайыл Сайназаровдун айтымында кесипке ээ болгон студенттер жеке ишкана ачып, тигүүчүлүк кызматтын көрсөтүүнү пландаштырууда. Долбоордун алкагында Баткен аймагындагы медресенин студенттери кошумча кесиптерди окуп, ишке орношконго кеңири шарт түзүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!